«Коопсуз шаар»: Балыкчыда 84 видеокамера орнотулган

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаарында бүгүн «Коопсуз шаар» долбоорунун аткарылышы менен таанышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шаарга эки типтеги видеокамералар коюлду. Айып пулдарды салуу жана жол эрежесин бузгандарды каттаган камералар.

Мындан тышкары коомдук коопсуздукту сактоо максатында шаарга 38 чакырым опто-волокондук кабель, 84 видеокөзөмөл камералары коюлду.

Алар чоң жол кесилишинде жайгашып, шаардык милиция бөлүмүндөгү абалды анализдөөчү борборго онлайн түрүндө видеону көрсөтүп турат.

Видеокөзөмөл аркылуу бүгүнкү күндө 19 кылмыш иши ачылганы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты