Диний окуу жайларда эмне окутулат?

Кыргызстанда диний билим берүүнү жөнгө салууну көздөгөн жобо коомчулукка чыгарылды. Ал жобону Булан институту эксперттер менен бирге «Диний билим: реформалоо максаттары жана аткарылышы” деген аталыштагы конференциясында талкуулаган.

Кыргызстанда учурда Ислам багытындагы 112 диний окуу жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн. Анын ичинде медреселердин саны — 102, бирок чындап иштеп атканы – 78.

Кыргызстандагы диний билим берген мекемелердин санын Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырып көрсөк, кошуна мамлекеттерде медреселердинсаны кыйла аз. Мисалы, 30 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда бир ислам университети, 9 медресе болсо, 6 млн. калктуу Кыргызстанда 100гө чукул диний окуу жайлар бар.

Мындан тышкары, Өзбекстанда ислам окуу жайларынын программалары өздөрүнүн идеологиясына ылайык түзүлүп, диний адабияттарды чыгаруу же сатуу катуу көзөмөлгө алынган. Бул тууралуу Булан институту 2 жыл мурун жарыяланган докладында да белгилеген.

Аталган окуу жайларда кандай окуу программанын негизинде билим берилет?

Конституцияда дин мамлекеттен ажыратылгандыктан, Билим берүү жана илим министрлиги диний окуу жайларынын окутуу программасына кийлигишпейт. Медреселердеги сабактар муфтияттын көзөмөлүндө. Ислам багытындагы окуу жайлардын бардыгы үчүн бирдей окуу программасы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши тарабынан бекитилет. Муфтияттын Окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов бизге берген маегинде дин мамлекеттен бөлүнгөндүктөн, диний окуу жайларды бүткөн студенттердин диплому мамлекеттик негизде таанылбасын айтты:

Диний окуу жайларда эмне окутулат?

Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык эле диний конфессиялардын башкы башкармалыктары болот. Биздин башкы башкармалык катары Аалымдар кеңеши таанылгандыктан, алар окуу программасын бекитип берет. Ал окуу программасы бардык окуу жайлар үчүн бирдей. Жеке болобу, мамлекеттик болобу, баары ошол программанын негизинде билим алышат.

Программага Исламды, шариятты таануу сабактары кирет. Быйыл жаңы кабыл алынып жаткан жобонун негизинде, орто медреселерге 5, жогорку окуу жайларга 10 светтик сабактар кошулганы турат. Сабактар программанын негизинде өтүлүп жатканын Аалымдар кеңеши көзөмөлдөп турат.

Эгерде бала диний багыттагы атайын кесипти бүткөн болсо, ал атайын диломго ээ болот. Бирок, мамлекет ал дипломду тааныбайт. Анткени, мамлекет динди бөлүп салган. Эгерде жаран Кыргызстан Ислам университетине келип тапшырган болсо, ал таанылат. Анткени, Ислам университети Билим берүү министрлигинен лицензия алган.

Жобону Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыккан. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Гүлназ Исаева Булан институту уюштурган конференцияда жобонун шарттары тууралуу айтып берди:

Диний окуу жайларда эмне окутулат?

Аталган жобо Жер-жерлерде коомдук талкуудан өткөн. Өзүңүздөр жакшы билгендей, диний чөйрөдө мамлекеттин саясатынын концепциясы бар. Ошол концепциясынын багытынын бирөө катары дин таануу жана диний билим берүү тармагын реформалоо багыты аныкталган.

Атайын жумушчу топ иштеп чыккан жобо 14 бөлүмдөн турат. Ага ылайык диний билим КР мыйзамдарында берилген тартипте катталган белгилүү бир диний уюм түзгөн диний окуу жай тарабынан дин кызматкерлерин дайындоо деген аныктама берилди. Диний окуу жайды диний уюм түзө алат. Дин иштери боюнча комиссиядан эсептик каттоодон өткөндөн кийин атайын күбөлүк берилет. Андан кийин ишин жүргүзүүгө уруксат алат.

Жобого ылайык диний окуу жайлар төмөндөгүдөй топторго бөлүндү:

  • Орто диний окуу жай — 9-классты бүтүп келген балдар окуй алышат;
  • Жогорку диний окуу жай — 11-классты бүтүп келгендер окуй алышат;
  • Атайын диний курстар-мечиттер баян окуу үчүн чогулгандар.
  • Орто диний окуу жыйларга: Кыргызстандын тарыхы, Адам жана коом, Диндердин тарыхы, Кыргыз тили жана Кыргыз Адабияты деген сабактар сунушталды.
  • Жогорку окуу жайларга: Кыргызстан тарыхы, Жаран тануу, Дин тануу, Кыргыз тили, Орус тили, Чет тили, Психология жана педагогика, Дүйнө тарыхы, Маалыматтык технологиялар деген сабактар сунушталды.

Билим берүү министрлиги медреселердин жана диний университеттердин ишмердүүлүгүнө кирише албайт. Анткени, КРнын билим берүү тууралуу мыйзамына ылайык билим берүү принциби динден ажыратылган. Ошондуктан, министрлик диний окуу жайлардын окуу программаларын көзөмөлдөй албайт.

Экс-министр Каныбек Осмоналиев Булан институту өткөргөн конференциясында, билим берүү министрлиги диний окуу жайларды көзөмөлүнө алышы керек деген пикирин айтты:

Бул тармактагы бардык “дарттар” биздин Билим берүү министрлигинин пассивдүүлүгүнөн пайда болуп жатат. Ушул Билим берүү министрлигинде тогуз ай минстр болдум, байкашымча, андан бери диний билим берүү боюнча позициясы аябай төмөндөп кетиптир.

Себеби, көп нерсени алар чечет, сиздер айтып жаткан көптөгөн көйгөйлөр Билим берүү министрлигине барып такалып жатат. Депутат болуп турган кезимде диний билим берүү боюнча мыйзамды сунуштаганда кабыл албай коюшкан.

Кыргызстандыктар ошондой эле, Пакистан, Египет, Иордания, Түркия, Сауд Арабиясындагы окуу жайлардан диний билим алуу үчүн сапар алышууда. Чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларда кандай окуу программасынын негизинде билим алып жатышканы белгисиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты