​Жаңжалдан кийин “КТ Мобайл” жетекчиси Нурбек Мукамбетов кызматтан кетти

  • 5 лет мурун

“КТ Мобайл” компаниясынын баш директорунун орун басары, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулунан кийин баш директору Нурбек Мукамбетов да кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.

Бул тууралуу бүгүн, 17-майда, “КТ Мобайл” компаниясынын ишин караган депутаттык комиссия жыйынында маалым болду.

“Кыргызтелеком” жетекчиси Эмил Акматов билдиргендей, биринчи Эрназар Иманкадыр уулукызматтан кетүүгө арыз жазды эле, эми Нурбек Мукамбетов арызын берип, анын өтүнүчү аткарылды, — деди Мукмабетов.

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы «КТ Мобайл» компаниясындагы чуулу окуялар тууралуу жазган.

«КТ мобайлдын» жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу 300 миң сом айлык алары, ал «серый кардинал» катары сүрөттөлүп келген Иманкадыр Рысалиевдин уулу болорун айткан.

“Саясий санжыра” рубрикабызда Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы болорун өзү тастыктаган болчу. Эми талкууларда «КТ Мобайлды» Иманкадыр Рысалиев калкалайбы деген ой тууралуу да айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты