​Депутат Жээнчороев Иманкадыр Рысалиевге кылмыш иш козгоону талап кылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 17-майда, «КТ Мобайл» компаниясы боюнча депутаттык комиссия жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев «Альфателеком» жетекчиси Акылбек Жамангуловду коркутканы боюнча Иманкадыр Рысалиевге кылмыш ишин козгоону талап кылды.

«Иманкадыр Рысалиевге коркутканы жана мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алганы боюнча иш козгоңуз» деди депутат Жээнчороев.

Бүгүн депутаттык комисссия “КТ Мобайл” компаниясынын тегерегиндеги маселени карап жатат. Ага Мамлекеттик мүлк фондунун, “Кыргыз телеком”, “Альфателеком” жетекчилиги ж.б. катышууда.

Анда Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев «түбүңө жетем» деп коркутуп, балдарына чейин асылганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты