Экс-президенттин кепилдиктери тууралуу мыйзамга кол коюлду
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.
Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.
Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамынын 12-беренесинин Конституцияга шайкеш келээри жѳнүндѳ ишти карап чыккан.
Талашка түшкөн ченем Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Президент учурунда жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган.
Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилеринин бири Масалиевдин каршы болгону Курманкул Зулушев экөө экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренени алып салууну сунуштаган.
Алардын айтымына караганда, “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорунун 12-беренеси замандын талабына жооп бербейт.
Ал эми өзгөртүүлөрдөн кийин алып салынсын деген берене алынбай, кайра күчөтүлүп берилип калган.
Экс-президент мамлекет башчысы болуп тургандагы жасаган кылмышы үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу боюнча кол тийбестигинен ажыратылат. Ал президент болбой калгандан кийинки кылмышы үчүн жалпы жарандар катары жазасын алат.