Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар “КТ Мобайлдан” кызматтан бошонду

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгынан бошонду.

Бул тууралуу компаниядан маалымдады.

Иманкадыр уулу Эрназар 15-майда өзү арыз жазып, директордун орун басарлыгынан бошонуп, компаниядан биротоло кетти.

Коомчулук. ЖМК жана Жогорку Кеңеш депутаттары жаңы иштей баштаган “КТ Мобайл” компаниясындагылардын айлыгы, анда Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу директордун орун басары болуп иштээрин сындап келишкен.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясында иштээрин акыркы кезге чейин укпагандыгын, ал кызматтан кетиши керектигин, мамлекеттик иште туугандык мамилеге жол берилбейт деген принципте экенин билдирген.

«ПолитКлиника» медиасы «Саясий санжыра» рубрикасында «Ачык Өкмөт» уюмунун секретариатын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев жетектээрин, ал эми бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары болуп иштээри тууралуу жазган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты