​Абылгазиев бажасы Рысалиевдин уулу “КТ Мобайлда” иштээрин билген эмес

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев “КТ Мобайл” компаниясынын тегерегиндеги сөздөрдөн улам, Өкмөт башчы андагы айлык акы жана иштин натыйжалуулугун текшерүүгө алууну тапшырганын билдирди.

ЖМКда сөз болуп жаткан “Ачык Өкмөт” эл аралык уюмунун секретариатынын башчысы Иманкадыр Рысалиев Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы боло турганын басма сөз катчы да тастыктады.

Бирок Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары болуп иштээрин Премьер-министр акыркы кезге чейин билген эместигин Адилет Султаналиев айтты. Өкмөт башчы Рысалиевдин уулу Эрназар кызматтан кетиши керек деп эсептейт.

Айта кетсек, “КТ Мобайл” жоопкерчилиги чектелген коому “Кыргызтелекомдун” алдындагы компания, 2003-жылы түзүлгөн жана лицензия алып, уюлдук кызмат көрсөтүү жыштыгын алган.

2018-жылы дагы бир уюлдук компания менен бирге ачык аукцион аркылуу биргелешкен долбоор жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Басма сөз катчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик иш менен туугандык мамилени аралаштырбаш керек деген принципти карманарын айтты.

Ал эми “КТ Мобайл” компаниясынын айлык акы маселесин ал компаниянын ээси- “Кыргыз телеком” көзөмөлгө алат.

Ошентсе да коомдук курч талкууну жаратып жаткан “КТ Мобайл” компаниясындагы маянаны, компаниянын ишинин натыйжалуулугун текшерүугө алууну тапшырганы басма сөз катчынын билдирүусүндө айтылат.

«ПолитКлиника» медиасы «Ачык Өкмөт» уюмунун секретариатын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев жетектээрин, ал эми бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары болуп иштээри тууралуу жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты