​9 миң сомдук көчөт чуусу. «Кызмат абалыңдан пайдаланууну уланта бер дегениби?»

2018-жылы мурунку мэр Албек Ибраимовдун тушунда даанасы 9 миң сомго сатылып алынган көчөттөр боюнча ызы-чуу чыгып, кылмыш иши козголгону маалым. Ал кылмыш ишке байланыштуу чиновниктердин катарында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген берене менен айыпталып жаткан “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын мурдагы агроному, учурдагы директору Элнура Жолдошева дагы бар.

Бирок, ага карабастан Элнура Жолдошева директорлук кызматынан четтетилген эмес. Ал бүгүнкү күндө дагы эч нерсе болбогондой кызмат ордунда иштеп жаткан чагы.

Бул мекемеде иштеп жаткан, атын атагысы келбеген кызматкерлери Элнура Жолдошеванын жолдошу УКМКда иштерин жана ал аялын калкалоого алып жатканын айтышты.

«Мыйзам боюнча Жолдошева кызматынан четтетилиши керек эле. Бирок, ал кызмат ордун ээлеп отурат. Күйөөсү УКМКда иштейт экен, ошон үчүн муну эч ким кызматынан ала албай жатат да. «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп кылмыш иши козголуп атса, кызматынан четтетпей жөн койгону мындан ары дагы кызматыңдан пайдалана бер деп мүмкүнчүлүк берип жатканы да» дейт алар.

Козголгон кылмыш иши кандай жүрүп жатканын билүү үчүн Башпрокуратуранын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар бул иш боюнча маалымат жоктугун айтышты.

Ал эми “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору Элнура Жолдошева учурда сот иштери жүрүп жаткандыктан, сотко кысым катары каралбасы үчүн комментарий берүүдөн баш тартканын анын маалымат кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты