Радиатор чыгаруучу завод ачылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 14-майда радиатор чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

«Биз инвесторлорду колдоп, мындай өндүрүш көп болушу үчүн алардын маселелерин чечүүдө көмөктөшүүгө тийишпиз” деди Өкмөт башчы.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында жайгашкан монолиттик биметаллдык радиатор чыгаруучу заводдун Борбор Азия боюнча теңдеши жок деп эсептелет.

Заводдо куюучу, механикалык, боёо, таңгактоо цехтери жана даяр продукция кампасы бар. Толук кандуу ишке берилгенде завод 500дөн ашуун жумуш ордун түзөт.

Заводдун продукциясы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоого багытталган.

Учурда «Бишкек» эркин экономикалык аймагында 303 субъект иштейт, алардын ичинен 69 у – өндүрүшчү.

«Бишкек» субъекттери 123 аталыштагы товар өндүрөт, анын ичинде 63 түрү чет жактарга экспорттолот.

Сүрөттөр:Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты