Райым Матраимовдун колунда кандай компромат болушу мүмкүн?

Райым Матраимовдун коомго ачык чыгып, кайрылуу жасаганынан бери анын айланасындагы талкуулар токтой элек.

Бул кайрылууну ар кандай талкуулагандар бар. Айрымдары “Бул байкуш Атамбаев эле мени элге жек көрүндү кылып жатат, коомчулук мени колдойт деп ойлойт окшойт” деп түшүнсө, айрымдары муну менен ал саясий айдыңга ачык чыкканын, эми саясатка активдүү аралашарын, анын колунда Атамбаевдин оозун жаба турган компроматтар болушу мүмкүн экенин болжошууда.

Кайрылуу жасалгандын эртеси эле Алмазбек Атамбаевдин КСДПсы анын сөзүнө комментарий берди.

“Видео кайрылууда абдан көп жалган айтылды. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин байланыштары тууралуу кеп да калп. Андыктан болбогон сөзгө комментарий бербейбиз. Атамбаевдин учурунда ал өзүнүн көлөкөсүнөн коркчу. Чындыгында, бери дегенде 2011-жылдан бери Жээнбековдор анын реалдуу калкалоочусу болгонун баары түшүнүп турат» деп билдирген КСДПнын өкүлү Атамбаев менен Райым Матраимовдун мамилеси болбогонун айтып чыкты.

Бирок, саясый турмушка баам салып карап жүргөн адамга бул ынанымсыз жооп. Анткени, Райым Матраимов бүгүнкү күндө, Жээнбековдордун учурунда эле пайда боло калган жок. Атамбаевдин учурунда, алар менен өтө ысык мамиледе болбогон адам мындай майлуу-сүттүү орунга жакындай алмак да эмес.

Райым Матраимов өзү дагы кайрылуусунда муну ачык эле айтып, кайсыл учурларда, кандай секириктерди жасаганын тизмелеп өтүптүр.

“Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз “Райым-миллион” атка кондурдуңуз” дейт кайрылуусунда Матраимов. Бул сөздөн Атамбаевдин командасына келгичекти, кызматтан кызматка көтөрүлө электе карапайым эле адам болуп, Атамбаев аркылуу миллионер болгонун кыйытканын дагы түшүнсө болот.

“Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план тапшырмаларды ашыгы менен аткарып, иштеп жүрдүм. Сиз муну жакшы билесиз. Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз Икрам досум экөөңүздөрдүн колдооңуздар менен Бишкекке которулдум” деп ал Атамбаевдин жана анын эң жакын адамы болуп саналган Икрам Илмияновдун колдоосу менен кызматтан кызматка секиргенин, алардын “ак батасы” менен “өсүп-өнгөнүн” ачык айткан.

Муну анын карьерасындагы секирик жасаган жылдар дагы далилдеп турат. Мурда ал Бажы тармагында жөнөкөй кызматтарды аркалап келген болсо 2013-жылы, тагыраак айтканда, Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунун учурунда Бажы кызматынын Түштүк башкармалыгынын жетекчиси болуп, 2015-жылы болсо Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Бул учурларда эмнегедир Алмазбек Атамбаев Матраимовдун ишине бир дагы сын пикир, же доомат айткан эмес.

Райым Матраимов өзү пикир келишпестик Алмазбек Атамбаевдин кызы менен Матраимовдун кайнежеси машине токтотуучу жайда орун талашып урушуп кеткенинен улам пайда болгонун айтып жатат. Бирок, эки аялдын чатагы эле Атамбаев менен Матраимовдун бет карашпай калганына жеткиргенине ишенүү бир аз кыйыныраак.

Социалдык тармактарда “Райым Матраимов Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин ага “отметка” кылбай койгон, пикир келишпестик мына ушундан пайда болгон” деген пикир жазылыптыр. Ушул сыяктуу олуттуу себеп болсо болгондур, бирок аны айтуу азырынча эки тарапка тең ыңгайлуу эмес көрүнөт.

Ошондуктан, бүгүн коомчулуктун көзүн будамайлап “менин тиешем жок болчу” дегенине эл алданбашы керек. Райым Матраимов кызмат абалынан пайдаланып байыганы далилденсе, коррупцияга белчесинен батканына ага биринчи кезекте мурунку Президент Алмазбек Атамбаев жана анын оң колу Икрам Илмияновдор күнөөлүү болушу керек. Эми төө кыядан өткөн соң жоопкерчиликтен качканы жарабас.

Кайрылуунун аягында Райым Матраимов Алмазбек Атамбаевге каршы компромат материалдары бар экенин кыйыткандай болду. “Таң калычтуусун, менин жана менин үйбүлөмдүн байлыгы сизди 2017-жылга чейин кызыктырбай, сиз Президенттиктен кеткенден кийин тынчыңызды бузуп, кыжалат кылганын түшүнбөйм… Урматтуу Алмазбек Шаршенович, мага карата ыксыз каралоону, калпты токтотпосоңуз мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө менде дагы жетиштүү маалыматтар жана күч-кубатым жетишерлик” дейт ал.

Эми коомчулук “Бул кандай маалыматтар болушу мүмкүн?” деген суроонун айланасында талкуу кылып турушат. Айрымдары бул Дача-Судагы авиакырсыкка байланыштуу маалымат болушу ыктымал деген божомолун айтууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты