Райымбек Матраимов Алмазбек Атамбаевге кайрылды (Видео)

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

Бул чечимге 1-май күнү кичи Мекени Кара-Суу районунда атасынын элесине арналган спорттук иш-чарадан кийинки маалыматтар түрткү болгонун, Атамбаевге караштуу жана аны колдогон журналисттер “жумурткадан кыр издегенин» айтып өттү.

Ал турнир Атамбаевдин учурунда деле өтүп келгенин, ага Премьер-министр баш болуп барып жүргөнүн эскертти.

Кийин Атамбаев өзүн «Райым-миллионер» атка кондуруп, мүлкү тууралуу байма-бай жарыя кылып келгенин билдирди.

Борборго досу Икрамжан Илмиянов аркылуу которулуп келгенин, андан кийин Атамбаев экөөнүн ортосунан кара мышык өткөнүн айтты.

Буга 2017-жылы кайнежеси менен Атамбаевдин кызы унаа токтотуучу жайда уруша кеткени себеп болгон дейт. Эки аялдын чатагынан кийин анын азабын өзү тартканын билдирди. 2017-жылы Атамбаев кызматтан алдырганын белгиледи.

Андан ары Райымбек Матраимов эгер Алмазбек Атамбаев жамандаганын токтотпосо аны менен «күрөшүүгө маалыматым жана күчүм жетет” деди.

Райымбек Матраимов 2017-жылы 23-ноябрда ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков тарабынан кызматтан бошотулган.

Матраимов кызматтан негизсиз алынганына байланыштуу Өкмөттү сотко берген. 2018-жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту да 2018-жылдын 28-декабрында райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты