​“Инфоком” директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды

  • 5 лет мурун

Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды.

Баш прокуратура Абдуллаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырды.

Паспорт тендери боюнча коррупцияга айыпталып, “Инфоком” директору Талант Абдуллаев, Каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камалган.

Сарыбаев үй камагына мурда чыгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты