​Кайгуул милициясына 381 млн сом бюджеттен бөлүнөт

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматын түзүү боюнча сыноо долбоору ишке ашырылат.

Долбоор үчүн бюджеттен 381 млн сом бөлүнөт.

Бул тууралуу Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев басма сөз жыйынында билдирди.

Ал каражаттан 197 млн 200 миң сому 2019-жылы берилет.

Кайгуул милициясы ички иштер органдарын реформалоо жана коррупция менен күрөшүү максатында түзүлмөкчү.

Кайгуул милициясынын маянасы жогору болот, авто унаа, байланыш жана комптютер каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалат.

Ошондой эле, коррупцияга каршы алдын алуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилет.

6-майда кайгуул милиция кызматына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланганын ИИМ басма сөз кызматы билдирди. .
Документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 6-июнга чейин уланат. Ага бардык каалоочулар катышса болот.
Өзгөчө жарандык коомдун өкүлдөрү сынакка катышууда артыкчылык берилет.

Тандоодон өткөн талапкерлер ИИМ Академиясынын базасында 3 айлык курстук окуудан өтүшөт. Окуудан өткөн соң, Кайгуул милиция кызматынын башкармалыгында кызмат өтөй баштайт.

Талапкерлерге болгон квалификациялык талаптар жана сынактын шарттары жөнүндө ЖМК, Жол коопсуздугу кыймылынын башкы башкармалыгынын сайтынан маалымат алып, же +996312630901, +99631263025, +996312631275 факс телефондору менен байланышса болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты