Төлөм карталары менен 38 млн операция жүргүзүлгөн

  • 5 лет мурун

Бул тууралуу Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов Президент Сооронбай Жээнбековдун 10-майдагы кабыл алуусунда билдирди.

Эске салсак, 1993-жылы 10-майда улуттук валюта — сом жүгүртүүгө киргизилген.

Баш банкир аймактарда накталай эмес эсептешүү үлүшү, банк карталарын, банкомат, төлөм терминалын жана POS-терминалдар жөнүндө маалымат берди.

2018 -жылы Төлөм карталары менен 38 млн операция жүргүзүлгөн, өсүш 32 пайызды түзгөн.

2019-жылдын башына карата бардыгы болуп 1 583 банкомат иштейт, өсүш 12 пайызды түздү.

Мамлекет башчы накталай эмес эсептешүүлөрдү жана мобилдик банкингди тезирээк өнүктүрүү маанилүү экенин айтты. Ал ар бир айыл өкмөтүн банк инфраструктурасы менен камсыздоо жана банк кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу керектигин белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты