​Абакка тыюу салынган нерсени алып кирүү аракети

  • 5 лет мурун

Абак жайларына ар кандай жолдор менен жарандар тыюу салынган нерселерди киргизүүгө аракеттенет.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаза аткаруу кызматкерлери абак жайларында ушул жылдын үч айында 5475 жолу тинтүү жүргүзгөн.

Тинтүү учурунда абакка киргизилгени жаткан 130 миң сом, 638 мобилдик телефон, 97 литр спирттик ичимдик,121 литр брага, 426 кесүүчү-саюучу буюмдар, 5 кг баңги заты табылып, алынган.

Тыюу салынган нерселерди абакка жарандар ар кандай жол менен, бут кийимдин, ширелердин ичине салат, малдын ичеги-кардына жана чийки эттин ичине салып киргизүугө аракет кылышат.

Тыюу салынган нерселерди киргизбөө үчүн Жаза аткаруу кызматы активдүү иш-аракеттерди көрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөттөр: Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты