Үй камакка чыгарылган Свердлов салык инспектору кызматынан бошотулду

  • 5 лет мурун

3-майда кармалган жана үй камагына чыгарылган Бишкек шаарынын Свердлов районунун салык инспектору ишенимди жоготкондугуна байланыштуу кызматтан бошотулду.

Ошондой эле Свердлов району боюнча салык башкармалыгынын жеке ишкерлерге маалым кат берген кызматкерлери (иш кагаздарын жүргүзүүчү экөө жана инспектор) 2018-жылы кызматынан бошотулган.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, салык мыйзамын бузуу менен Б.А. аттуу жаранга билдирбей, анын атынан К.С. га патент берген салыкчылар 3-майда кармалган.

Ал патент менен К.С. Евразия экономикалык биримдик өлкөлөрүнө товар ташылып, салык төлөнбөй, мамлекетке 14 млн 307 миң 338 сом зыян келгендигин финполиция билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты