​Таш-Көмүр мэриясынын экс-кызматкери айыпталууда

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Таш Көмүр шаарынын мэриясынын мурдагы кызматкерин жеке курулушка жер бөлүү боюнча айыптап жатат.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Таш-Көмүр мэриясынын мурдагы кызматкери М.М. аттуу жаранга жашылдандыруу категориясынан 3 гектар жерди мыйзамсыз бөлүп бергендиги аныкталган. Анын ичинен 1,4 гектар жердин категориясы өзгөртүлүп, жеке курулуш үчүн бөлүнгөн.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып коюлууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты