​Депутат Касымалиева парламент уран, Жалил Атамбаев тууралуу маселе көтөрбөгөнүн сындады

  • 5 лет мурун

Депутат Касымалиева парламент уран маселесин да, Жалил Атамбаев тууралуу да маселе көтөрбөгөнүн сындады

Бүгүн, 8-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Аида Касымалиева ишкер Жалил Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго доосун алып коюу менен маселе чечилип калбаганын билдирди.

“Доо арызды алып коюуда журналисттер жеңди, бирок бул мамлекет үчүн жеңиш эмес” деди депутат.

Ошондой эле Касымалиева журналисттик иликтөө менен ушакты, каралоону байланыштырбаш керек экенин, келаткан 2020-жылдагы парламенттик шайлоого биз фейктерди чыгаруу менен барабызбы деп кабатыр болду.

Тилекке каршы, уран жана Жалил Атамбаев маселесин да парламент социалдык тармактардан, журналисттерден кийин реакция кылып жатканын сындады.

Депутатттар биринчи өздөрү көйгөйлөрдү көтөрүш керек экенине басым жасады.

Жалил Атамбаевдин маселеси бул көмүскө экономика, салыкты жашыруу экенин билдирди.

Айта кетсек, ишкер Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков журналисттик иликтөөсү үчун 50 млн сом доо менен сотко берип, бирок аны кайтарып алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты