​Президент Бириккен Араб Эмираттарына сапарга барат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 6-майда, Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун Башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда аталган фонддун Кыргызстандагы ишмердиги, таза суу, ирригация системасы маселеси, оорукана, мектеп, бала бакча куруу жана оңдоп-түзөө боюнча долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Ошондой эле Жээнбековдун үстүбүздөгү жылы Бириккен Араб Эмираттарына күтүлгөн сапары тууралуу дагы сөз болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты