Авиакырсыкка байланыштуу Путинге көңүл айтуу

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада, Шереметьево аэропортундагы кырсыкка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты.

«Кыргызстан элинин атынан жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, бардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз»,

деп белгиленген мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Жекшемби күнү кечинде Москвадан Мурманскиге учуп бараткан Sukhoi Superjet 100 учагы кырсыктап, андагы 78 кишинин 41 и каза тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты