Салык кызматкерлери ири кылмышка шектелүүдө

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финполиция) Салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгынын кызматкерлерин коррупцияга шектүү деп тапты.

К.С. аттуу салык кызматкери өзүнүн таанышынын жардамы менен Б.А. аттуу азиз кишинин ишенимине кирип, анын паспортун алып, жеке ишкер катары каттаган.

Бул кызматына Б.А.га 12 миң сом берген.

Б.А. аттуу азиз кишинин атынан алынган бул патент менен К.С. Евразия экономикалык биримдик өлкөлөрүнө товар ташып жүргөн. Б.А. нын атынан жалпысынан 119 миллион сомдук товар ташылган.

Мындан салык төлөнбөй, мамлекетке 14 млн 307 миң 338 сом зыян келген.

3-майда бул кылмыш иши боюнча К.С жана У.Б. , ошондой эле Свердлов райондук салык кызматынын инспектору Б.К. кармалган.

Алар үй камагына алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты