Депутат Эмил Токтошевдин байпагы

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин жумушка даярданып, байпак-батинкесин кийгизип жаткан сүрөтү фейсбук баракчасында талкууга түштү.

Фейсбук колдонуучулардын бири жарыялаган Эмил Токтошевдин АКШнын желеги тартылган байпагы жана эки кыздын бут кийимди кийгизип жаткан сүрөтүн депутат өзү ЖМКда комментарийледи.

Депутат сүрөттө жосунсуз эч нерсе жок экенин, ар кыл байпак кийгенди жактырарын, эки кызы аны жумушка даярданууга жардам берип жатканын, сүрөт анын үйүнөн тартылганын билдирди.

Байпакта кеп жоктур, ар кимдин табити ар кандай, бул жагынан эч ким деле талашпайт. А бирок секелек кыздарына бут кийим кийгизүүгө көмөктөш кылган «бай-манаптыгын» кантебиз?

Сүрөт: ФБ колдонуучунуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты