​Шереметьево аэропортунда учак кырсыктап, 41 киши каза болду (Видео)

  • 5 лет мурун

Москвадагы “Шереметьево” аэропортунда 5-майда учак кырсыкка учурады.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди .

“Аэрофлот” компаниясынын Sukhoi Superjet 100 учагында 78 киши болгон. Анын 41 и каза болгондугу айтылды, 37 адам аман, анын төртөө экипаж мүчөлөрү.

37 киши ооруканага жаткырылган, бирөө оор абалда экени кабарланды.

Москвадан Мурманскиге бара жаткан учак жекшембиде кечинде учкандан 28 мүнөттөн кийин кайра артка кайрылып, аэропортко катуу конгон. Аба ырайынан улам учак экинчи жолу коно алган.

Учак конгондо анын кыймылдаткычы күйүп кеткен.

Бул боюнча комиссия түзүлүп, иликтенип жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты