​Сооронбай Жээнбеков: “Кыргызстанда уран казылбайт”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстанда уран казылбайт” деп билдирди бүгүн, 4-майда, Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алуу учурунда.

«Ысык-Көлдө, Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!» деди Президент.

Президент ошондой эле тоо-кен тармагы коррупцияга батканын белгиледи.

Эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2, 5 миӊден ашык лицензия берилген.

Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө.

Өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түшкөнү да белгиленди.

«Кечигип болсо да Өкмөт Кызыл-Омполдо уран казылбай тургандай чечим кабыл алды. Жогорку Кеңеш да бул маселени талкуулап, өз позициясын билдирди” деди Президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты