Кыргызстан элинин ассамблеясына 25 жыл толду

  • 5 лет мурун

Кыргызстан элинин ассамблеясына 25 жыл толду. Бүгүн, 3-майда, ага байланыштуу иш-чара болуп өттү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага 400 дөн ашуун киши, жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн коноктор катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Жээнбеков этностор аралык ынтымакты жана Кыргызстандын калкынын биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына байланыштуу бир катар мүчөлөрдү энчилүү кол сааты менен сыйлады.

Кыргызстандагы 25 жылдык аземге чет жактардан да меймандар келди.

Россия элдеринин ассамблеясынын төрагасы Светлана Смирнова, Казакстан элинин ассамблеясынын өкүлү Жансеит Туймебаев, Өзбекстан Министрлер кабинетинин алдындагы улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөр менен достук байланыштар комитетинин өкүлү Камолиддин Ишанходжаев, Тажикстандын Улуттук биримдик жана кайра жаралуу кыймылы исполкомунун төрагасы Асрори Мирзошохрух Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты