Атамбаев жана «Апрель» телеканалы Бекназаров, Келдибеков, Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берет

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 мин сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да аларга 100 миң сомдон төлөп берүүгө тийиш.

Мындай чечим 2-майда кабыл алынганын «Медиа полиси» институту кабарлады.

Муну менен шаардык сот райондук соттун чечимин бир аз өзгөрткөн. Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Апрель» телеканалын өз эфиринде төгүндөө жарыялаганга, ал эми Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

2018-жылы 10-декабрда Атамбаев «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда алардын ар-намысынан шек келтиргенин билдиришкен.

Атамбаевдин адвокаты жалаа жабуу же фактыларды бурмалоо болбогонун, арызданган үч саясатчынын кадыр-баркына доо келбегенин жүйө келтирген.

Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамабевди жана «Апрель» телеканалын жылдын аягында сотко беришкен. Алар жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты