​Жогорку Кеңеш уранды чалгындоого жана казууга тыюу салууну Өкмөткө сунуштады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-майда, Жогорку Кеӊеш жыйынында радиациялык коопсуздук боюнча Өкмөттүн маалыматын угуп, уран кенин чалгындоого жана казууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды.

Төрага Дастанбек Жумабеков бүгүн саясий чечим кабыл кабыл алынганын, Жогорку Кеӊештин токтом долбоорунда Кыргызстанда уран кенин чалгындоого жана казууга тыюу салуу Өкмөткө сунушталганын билдирди.

Жыйын уран кени боюнча мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүү, эл аралык уюмдар тарабынан буга чейин иштетилген уран кенин реабилитациялоонун сапатын көзөмөлдөө жана ж.б. сунуштар берилди.

Мурда иштетилген уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоодо айрым жагдайларды эске алуу жагы белгиленди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты