Кулматов менен Ибраимовдун соту эки айга жылдырылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-майда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун сот болду.

Мурдагы мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу суранган. Жактоочу Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов бир айдан ашык убакыттан бери камакта мыйзамсыз жатканын айтты.

Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын дагы бир айга узартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Ошондой эле соттук териштирүү да эки айга узартылды.

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана аны менен 14 киши коррупцияга айыпталууда

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты