​Жогорку Кеңеште уран боюнча маселе талкууда

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-майда, Жогорку Кеңеште уран маселеси тууралуу маалымат угулду.

Биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов Кызыл-Омполдо жайгашкан уран кениндеги жумуштар толугу менен токтотулганын, анда колдонулган техникалардын баары чыгарылып кеткенин билдирди.

«Ал жердеги «ЮрАзия» компаниясы Кыргызстанда 2004-жылы катталган. Анын кенди иштеткен лицензиясы жок экен. Ал 2010-жылы кенди чалгындоо үчүн лицензия алган, ал 2020-жылга чейин жарактуу. Бирок, жаӊыдан лицензия алмайынча кенди иштете албайт», — деди ал.

Андан тышкары, Кыргызстандын аймагында радиациялык калдыктар сакталган 92 жай бар экени, анын ичинде 60 калдык сактоо жайы Өзгөчө кырдаалдар министринин карамагында турганы, ирилери Майлуу-Сууда, Миӊ-Кушта, Кажы-Сайда жайгашканы белгилүү болду. Ушу тапта радиациялык 33 калдык сактоо жайына көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кенин кенин иштетүүгө нааразы болгон жарандар Балыкчы жана Бишкек шаарларында митинг өткөрүшкөн.

Ошондон лум, Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу боюнча демилге көтөргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты