​Казакбаев: “Илимдер академиясын башка форматка өткөрүү керек”

  • 5 лет мурун

Депутат Руслан Казакбаев Улуттук илимдер академиясын башка форматка өткөрүп, реформалоо керектигин парламентте билдирди.

-Илимпоздор алган айлык 4-5 миң сом. А жашоого керектүү минимум 4,5 миң сом. Анда илимпоздорду эмнеге кармап отурабыз?
Тез арада реформа жасап, академияны башка форматка өткөрүш керек” деди депутат.

Андан ары Улуттук Илимдер академиясынын уран маселеси боюнча пикири эске алынбаганын айтты:

-Илимдер академиясынан уран жана радиациялык элементтер канчалык зыян, ошол уранды ачканда коомго канча зыян келет экен, бир жыйынтык алдыңыздарбы? -деди депутат.

Илимдер академиясынын 39 анык мүчөсү, 49 мүчө-корреспонденти жана сегиз чет өлкөлүк мүчөсү бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты