Бишкекте уран казууга каршы митинг өттү (видео)

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 30-апрелде, Бишкекте Ала-Тоо аянтында уран кенин казууга каршы митинг болуп өттү.

«Жашылдар» партиясы уюштурган бул митингге 20 дай киши чыккан.

Биринчи май райондук соту митингди уюштуруп жаткан «Жашылдар» партиясына уран кенине байланыштуу нааразылык акциясын Ала-Тоо аянтына өткөрүүгө уруксат бербей койгон. Мында башка иш-чара өткөрүлөрү билдирилген.

Бүгүн митингден кийин «Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Булекбаевди милиция кармап кеткени ЖМКда кабарланды.

22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты