​Экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун соту болду

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарында мурдагы мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун соту бүгүн, 30-апрелде, болду.

Сотто “Дастан” компаниясы боюнча иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү.

Ибраимов сотто Мамлекеттик мүлк фонду мындан жети жыл мурун пансионатты сатууга уруксат берсе, эми ал мекеме жабырлануучу болуп жатканын айтты.

“Сатууга ким уруксат бергенин такташ керек. Акциялар деген өзүнчө тема, анын ичинде мүлк жок. Мен башкарма төрагасы эмес кезде сатуу процесси жургөнүн айтып койгум келди. Мен ага катышкан эмесмин. Пансионатты сатуудан “Дастан” ишканасы чоң пайда алган” деп билдирди Албек Ибраимов.

Соттолуучулардын арасынан Сталбек Өмүракунов “Дастан” корпорациясына тиешеси жок экенин айтып, кылмыш ишин бөлүп кароону талап кылды.

Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов баштаган 14 кишиге коррупция боюнча айып тагылууда.

Тергөө версиясы боюнча “Калыс ордо” мектебин курууда жалпы суммасы 12 миллион 160 миң 641 сомго курулуш иштеринин көлөмү көбөйтүлгөнү айтылууда.

Ибраимов ошондой эле “Дастан” компаниясында коррупциялык иш жана жер сатуу боюнча айыпталууда.

Эмки сот процесси 2-майда болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты