Жээнбеков: «Жамандыктын үч күчүнө каршы — бир позиция»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-апрелде ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммитинин алдында башталган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Индиянын коргоо министри Нирмала Ситхарама, Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев, Тажикстан коргоо министри Шерали Мирзо, Өзбекстан коргоо министри Баходир Курбанов, Пакистан коргоо министринин орун басары Икрам Ул Хак, ШКУ Регионалдык антитеррористтик тутумунун аткаруу комитетинин директору Джумахон Гиёсов, ошондой эле ШКУ башкы катчысынын орун басары Се Сяоюнь катышты.

«Биздин мамлекеттерибиз „жамандыктын үч күчүнө“ — терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча бир позицияны ээлешет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты