​Россия Кыргызстанга жөнөтүлө турган акчанын көлөмүн чектейт

  • 5 лет мурун

Россия бир катар өлкөлөргө которулуп жаткан акчанын көлөмүнө чектөө киргизет.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык чектөө кирген өлкөлөрдүн арасында Вьетнам, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан да бар.

16-апрелден тартып акча которуу системалары аркылуу Казакстанга Россиядан айына 150 миң рублдан ашык каражат жөнөтүү мүмкүн болбой калса, Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга кирген чектөө 100 миң рублду түзөт.

Россия Улуттук банкы мындай чечимди көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети менен түшүндүрүп, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөштүн ыкмасы катары сыпаттайт.

2018-жылы Орусиядан Өзбекстанга которулган каражаттын көлөмү 14 млрд. долларды түзгөн.

Ушул эле жылы Кыргызстанга Россиядан 1,3 млрд. доллар, Кытайга 675 млн. доллар, Казакстанга 392 млн. доллар жана Вьетнамга 175 млн. доллар которулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты