​Жээнбеков: “Бишкек “жашыл шаар” деген атагын кайтарып алышы керек”

  • 5 лет мурун

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде, кыргызстандыктарды жана борбордун тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.

Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлегенин баса белгилеп, айрыкча буларга токтолду:

“Бишкек „жашыл шаар“ деген мурдагы атагын кайтарышы керек. Таза аба, бак-дарактар шаардын башкы байлыгы болушу абзел” деди Президент.

Борбор шаардын келечегине ишенимин билдирди:

“Биз заманбап стандарттарга шайкеш келген шаарды курушубуз керек. Келечекте биздин борбор шаарыбыз Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык кызматташтык борборлордун бирине айланарына шек жок”

Биздин ордо шаарыбыз азыркыдан да таза, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаар болот деп ишенем” деди мамлекет башчы.

Сүрөт: Бишкек мэриясыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты