​Яньци көлүндөгү баарлашуу

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, делегация башчылары менен бирге Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» форуму учурунда эл аралык кызматташтык сессиясына катышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун экинчи күнү Пекинге жакын шаарчада Яньци көлүндөгү Эл аралык жыйын борборунда өттү.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Форумдун 1-сессиясын ачкан соң, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Чили, Сингапур, Пакистан, Италия, Таиланд, Эфиопия, Венгрия, Греция ж.б. өлкөлөрдүн делегация башчылары — президенттер жана премьер-министрлер менен сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Форумун 1- сессиясында сүйлөдү.

“Жашыл Жибек жолун” жана “Чынчыл Жибек жолун” түзүү жөнүндө сунушуңузду толугу менен колдойм. Кыргызстан агрардык өлкө катары экологиялык таза азык-түлүктөрүн өндүрүүнү жактайт” деп белгиледи Жээнбеков.

Темир жолу боюнча долбоорго да токтолуп кетти:

«Кытай- Кыргызстан- Өзбекстан» темир жолу долбоорун ишке ашыруу да чоң салым болот деп ишенем. Бул баарыбыз үчүн өтө зарыл долбоор жана ал демилгенин концепциясына толугу менен дал келет” деди.

Андан ары санариптик технология тууралуу сөз жүрдү:

«Кыргызстан жаңы технологияларга муктаж. Биз Жибек жолунун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерди колдойбуз” деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты