«Медиа топтоо-2019» форуму

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-апрелде. Бишкекте «Асанбай» борборунда «Медиа топтоо-2019» экинчи индустриалдык форуму ачылды. Форум эртен да ишин улантат.

Анда медиа рыноктун тренддери жана келечеги талкууланууда.

Форумдун ишине 300 дөй ЖМК өкүлдөрү, операторлор, режиссерлор, жарнама багытында иштегендер катышып жатат.

Медиа форумдун ишине экс-президент Роза Отунбаева да катышты.

Бүгүн, 27-апрелде, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп чет өлкөлөрдөн адистер: Анна Качкаева (Россия), Карлыгаш Еженова (Казактан), Виктория Борщенко (Украина), Артём Платов (Россия) , Антон Уткин (Россия) тажрыйбасын ортого салды.


Форумду «Интерньюс Кыргызстан» уюмунун директору Элина Каракулова ачты. Ал өз сөзүн кыргыз тилинде баштап,, анан англис тилинде сүйлөп, орус тилинде улантты.

Элина Каракулова «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун дүйнөдөгү сөз эркиндиги рейтинги тууралуу учкай айтып өттү. Мында Кыргызстандагы сөз эркиндиги индекси 83-орунда болуп, 15 позицияга алга жылганын белгиледи.

Каракулова маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин эмгектерин, анын атындагы журналисттик иликтөөлөр фондун белгилеп өттү.

Андан кийин эл аралык жана кыргызстандык спикерлер өз тажрыйбалары менен бөлүштү, талкууларга катышты.

Эртең, 28-апрелде, «Медиа топтоо-2019» форуму ишин улантат. Эртең ошондой эле мыкты журналисттерге жылдык «Умтулуу-Стремление» сыйлыгы тапшырылат.

«Медиа топтоо-2019″экинчи индустриалдык форумун «Интерньюс Кыргызстан» уюму уюштурду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты