​Жээнбеков: “Накта азык-түлүктөрүбүз Кытайда кардар табарына ишенем”

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков 26-апрелде Пекинде CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Президент Жээнбеков аталган компания Кыргызстандын агрардык секторуна жаңы технологияларды киргизе аларына ишене турганын айтып, экологиялык жактан таза азык-түлүктөр тууралуу белгиледи:

«Биздин экологиялык жактан таза жана даамдуу азык-түлүктөрүбүз Кытай рыногунда өз кардарларын табаарына ишенем, — деди Жээнбеков.

Ван Бинь компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда бир нече жолу болушканын жана айыл чарбасына инвестиция салуу үчүн ыңгайлуу экенине алардын көзү жеткенин билдирди.

“ Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстандын экономикасы инвесторлордун колдоосуна ээ болот деп ишенем», — деп Ван Бинь өз пикирин билдирди.

CJI компаниясы эл аралык инжинеринг тармагында адистешкен, курулуш, эл аралык соода, шаарлар жана айылдарга инвестициялоо, консалтинг жана башка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик компания болуп саналат.

2018-жылдын 25-октябрында CJI компаниясы жана КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги кыргыз-кытай агроөнөржай паркын түзүү боюнча кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшкан.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты