​Жээнбеков Кытайда форумга катышты

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде, Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» форумунун ачылышына катышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь, Россия Президенти Владимир Путин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Малайзия Премьер-министри Махатхир Мохамад, БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү.

Эртең, 27-апрелде, Президент Сооронбай Жээнбековдун «Бир алкак – бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациясы катышып жатат, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келишкен.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты