​Сооронбай Жээнбеков Кытайга кетти

  • 5 лет мурун

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, Кытайга учуп кетти.

Ал «Бир алкак – бир жол» форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү көргөзмөсүнө” катышмакчы.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин, Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитет мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компания жетекчилери, илимий чөйрө менен жолугушат.

Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, башка жетекчилер менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты