​Исаев: “Мугалимдердин айлык акысы канча пайызга өсөт” дегенге жооп болбоду

  • 5 лет мурун

25-апрелдеги Өкмөттүн жылдык отчетун талкуулоо учурунда депутат Канат Исаев мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин айлык акысы канча пайызга өсөөрүн Өкмөт айткан жок деп билдирди.

—Бүгүнкү күндө кичи медициналык кызматкер 3800-3900 сом айлык алат. Жаңы иштей баштаган мугалим 4600 сомдун тегерегинде алат. Мындай акчага жашаш мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес.

Мугалимдердин акчасы конкреттүү канча пайызга өсөт дегенге жооп күттүк эле. Бирок андай жооп болбоду.

Билим берүү тармагында билим берүү сапатын карасак. Айрым сабактар беш жылдап мугалим жоктугунан окутулбай калууда,- деди депутат Исаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты