​Иса Өмүркулов: “Уранга лицензия бергендерди жоопко тартыш керек”

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-апрелде, Өкмөттүн өткөн жылдагы ишин талкуулоо учурунда КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов уран кенин иштетүүгө лицензия бергендерди жоопко тартыш керек экенин билдирди.

—Урандын тегерегинде Өкмөттүн отчету көмүскөдө калды. Өкмөт уран боюнча комиссия түзүүдө кечикти.

Уранды чалгындоого, иштетүүгө лицензияны ким, качан берген, аларды иликтеп, жоопко тартыш керек.

Бүгүн лицензия бергендер өздөрү митингге чыгабыз деп жатышат. Булар мамлекетке күйүп жатабы же өздөрүн пиар кылып жатабы?

Кандай жыйынтык болсо да, уран иштетүүгө тыюу салыш керек,- деди Иса Өмүркулов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты