​Уран кенин иштетүүгө мораторий сунушталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 25-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында Өкмөттүн 2018-жылдагы отчетун кароо улантылды. Ал суроо-жооп жана талкуу иретинде өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кыргызстанда уранды чалгындоо жана иштетүүгө 2070-жылга чейин мораторий жарыялоо демилгесин көтөрүп, Өкмөт башыны аны колдоого чакырган.

Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, жогоруда аталган мөөнөткө чейин уран боюнча геологиялык иштерге тыюу салынууга тийиш.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты