​Кызыл-Омпол уран кени боюнча комиссияга МАГАТЭ эксперттери тартылат

  • 5 лет мурун

Кызыл-Омпол уран кени боюнча комиссиянын ишине эл аралык, анын ичинде Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттери тартылат.

Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхын айтып берди.

Ал билдиргендей, «Юразия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы катталган. 2010-жылы ал жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган.

2011-жылы Замирбек Эсенамановдун колу менен компанияга лицензия берилген.

2012-жылы уруксатка Ишимбай Чунуев кол койгон.

2015-жылы уруксатты узартууга Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон.

2016-жылы лицензия ошондой эле узартылган.

Бүгүнкү күнү комиссия түзүлгөн.

«Комиссиянын курамына жогорку класстагы, анын ичинде МАГАТЭ жана эл аралык уюмдардан адистер, ошондой эле жарандык активисттер жана экологдор тартылат” деди Абылгазиев.

“Эгерде уран кенинин ишинде экологияны бузуу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиктери бар экендиги аныкталса, анда албетте, биз тиешелүү чечимди кабыл алабыз”, – деди Премьер-министр.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты