​Бишкектин түштүк жагындагы парк курулушу 31-августта аяктайт

  • 5 лет мурун

Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек”, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парк курула турган жерде капсула салып жатып.

Мамлекет башчы Бишкек “жашыл шаар” деп аталып жүргөнүн белгиледи.

«Борбор шаардын негизги байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парк салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу учүн баарынан маанилүү” деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болочок парктын курулушунун долбоору менен тааныштырды.

Айтсак, Айтматов проспекти менен Масалиев-Токтоналиев көчө кесилишинде жайгаша турган парктын аянты— 10 гектар.

Долбоордо жөө жүрүүчүлөр үчүн коммуникация, 17 миңден ашуун чарчы метр тротуар, жарык, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, 160 орундуу унаа токтотуучу жай ж.б. каралган.

Бүгүнкү күндө тротуар, асфальбетон жана таманташтарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Курулуш иштерин 2019-жылдын 31-августунда бүтүрүү болжолдонууда.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты