​Өкмөт уран кенинде ишти токтото турууну тапшырды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү жана Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Уран аянтын өздөштүрүү боюнча маселелерди изилдөө максатында 2019-жылдын 18-апрелинде кеңейтилген курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Комиссияга урандын айлана-чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адамдын саламаттыгына тийгизген таасири боюнча мониторинг жүргүзүү жана талдоо тапшырылган.

“Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз» деди Премьер-министр.

Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күнү бул участокто казуу иштери жүргүзүлгөн жок.

«Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсы КРда 2004-жылы катталган, 2010-жылы 18-ноябрда компания Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кенин геологиялык изилдөө максатында колдонууга 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө укук алган.

Уран кенин иштетүүнүн зыяндуулугу боюнча коомчулукта пикирлер айтылып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты