Жээнбеков паспорт тендери маселесинде коомчулукту шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды
- 5 лет мурун
Биометрикалык паспорт боюнча тендер тегерегиндеги абал тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өз пикирин Ош шаарында бүгүнкү, 22-апрелдеги, «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» форумунда айта кетти.
Санариптешитирүү артыкчылыктуу багыт болуп каларын белгилеп, мамлекет башчы буларга токтолду:
“Мен коомчулуктун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам. Биздин жарандык коом абдан күчтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат.
Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам. Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек” деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Паспорт чыры боюнча «Инфоком» ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчы Данияр Бакчиев, Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынды.
Паспорт боюнча кылмыш ишине саясий боек сүртүү болуп жатканын УКМК билдирген.