​“Биз уранга каршыбыз” флешмобу болуп өттү

  • 5 лет мурун

Бишкекте 21-апрелде жарандык активисттер “Биз уранга каршыбыз” аттуу флешмоб өткөрүштү.

Аны “Ак жол ынтымагы” аттуу коомдук фонд өткөрдү.

Флешмобдун максаты—элдин уран иштетүүгө каршы экендигин бийликке жеткирүү болуп эсептелет.

Акцияга 15 чакты активист катышты. Алар бийлик бутактарынын өкүлдөрүнө кат жолдоп, уран иштетүүгө жол бербөөгө чакырышууда.

“Ак жол ынтымагы” коомдук фондунун директору Акжолтой Тукунов уранды иштете турган компанияга ишеним жок экенин билдирди:

“Бизде кен иштете турган компанияга эч кандай ишеним жок. Жогорку Кеңеште жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук угуу уюштурууну талап кылабыз” деди ал.

«UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсына Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген.

Компаниянын негизги изилдѳѳ объекти Таш-Булак чачылмасы болуп эсептелет.
Аныкталган запастары: уран 3,5 миӊ тонна, торий- 8,54 миӊ тонна, фосфор — 10 миӊ тонна, цирконий — 34 миӊ тонна жана титан-магнетит — 1,6 млн. тонна түзѳт.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты