Алина Шаикова кызматтан бошотулду

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи алмашып, бүгүн, 19-апрелде, Алина Шаикова кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарладыю

Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кол койду.

Ал эми Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын милдетин аткаруудан бошотулду.

Айта кетсек, Мамлекеттик Каттоо кызматынын бир катар жетекчи кызматкерлери паспорттук бланктарды жасоо боюнча тендерди өткөрүүдө коррупцияга жол берген деп айыпталып жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты