​“Кастыкты козутту” деп шектелген окутуучунун соту уланат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 19-апрелде, Бишкекте “улут аралык кастыкты козутту” деп шектелген тургундун соту уланууда.

Ишти Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши боюнча буга чейинки соттук отурумда адистер «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козутпай турганын айтышкан.

2018-жылы 1-мартта УКМК окутуучу Темир Болотбекке «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга ал фейсбукта Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты